Балдар!
Туура тамактануу – ден соолуктун негизги бөлүгү. Адам организми өсүшү жана жакшы иштеши үчүн ар түрдүү пайдалуу тамактарды жеши керек. Тамактын курамында витаминдер, минералдар, белок, май жана көмүртектер болушу зарыл.
Күн сайын жашылча-жемиш жеген пайдалуу. Алар организмди витаминдер менен камсыз кылат. Сүт, айран, быштак сыяктуу сүт азыктары сөөктү бекем кылат. Эт, балык жана жумуртка күч-кубат берет.
Тамакты өз убагында жеген да маанилүү. Күнүнө 3–4 жолу тамактануу жакшы. Өтө майлуу, таттуу жана газдалган суусундуктарды көп колдонбоо керек. Таза суу ичүү да ден соолук үчүн пайдалуу.
Эгер адам туура тамактанса, ал күчтүү, сергек жана ден соолугу чың болуп өсөт.