Балдар!
Бүгүн биз физикалык активдүүлүк жөнүндө кыскача маалымат алабыз. Физикалык активдүүлүк – бул адамдын денеси кыймылда болгон бардык аракеттери. Мисалы: басуу, чуркоо, ойноо, бийлөө, спорт менен машыгуу.
Физикалык активдүүлүктүн түрлөрү
1. Төмөнкү физикалык активдүүлүк
Бул учурда адам дээрлик кыймылда болбойт.
Мисалы:
-
уктоо
-
жатып китеп окуу
-
телевизор көрүү
-
телефон же компьютер менен көп отуруу
2. Орточо физикалык активдүүлүк
Бул учурда дене бир аз иштеп, жүрөк тезирээк согуп, адам жеңил чарчоону сезиши мүмкүн.
Мисалы:
-
тез басуу
-
бийлөө
-
бакчада же огороддо иштөө
-
үй жумуштарын аткаруу
-
үй жаныбарлары менен сейилдөө
-
ат минүү
3. Жогорку интенсивдүү физикалык активдүүлүк
Бул учурда дене көп иштеп, адам тердеп, тез-тез дем алат.
Мисалы:
-
чуркоо
-
тоого чыгуу
-
велосипедди катуу тебүү
-
сууда тез сүзүү
-
футбол, волейбол, баскетбол сыяктуу спорттук оюндар
Канча убакыт кыймылдоо керек?
Балдар жана өспүрүмдөр күн сайын кеминде 60 мүнөт физикалык активдүүлүк менен алектениши керек.
Бул убакытта ойноо, спорт менен машыгуу же активдүү сейилдөө болушу мүмкүн.
Аз кыймылдоонун зыяны
Эгер адам көп отуруп, аз кыймылдаса:
-
ден соолук начарлайт
-
ашыкча салмак пайда болушу мүмкүн
-
омуртка кыйшайышы мүмкүн
-
чарчоо жана уйкунун бузулушу пайда болот
Ошондуктан телефон, компьютер жана телевизордун алдында узак отурууну азайтуу керек.
Физикалык көнүгүүлөрдүн пайдасы
Физикалык активдүүлүк:
-
жүрөк жана өпкөнү бекемдейт
-
денени күчтүү жана ийкемдүү кылат
-
дене салмагын туура кармоого жардам берет
-
оорулардын алдын алат
-
маанайды жакшыртат
-
окууда жакшы жетишкендиктерге жардам берет
Эсиңерде болсун:
Кыймыл – ден соолуктун негизги шарттарынын бири. Күн сайын активдүү болуп, спорт менен машыгып турсаңар, ден соолугуңар чың болот.
Баса! Эгер окуп чыгып, жакшы түшүнсөңөр анда тесттен өтүүнү унутпагыла!